Кара куурай (лат.
Бир жылдык чөп. Жаш кара куурайдын сабагы жумуру, жумшак жана түктүү. Бийиктиги 0,5–4 м, жоондугу 8–30 мм. Өзөк тамырлуу. Жалбырагы жазы, түсү көк, жашыл. Шыпыргы сымал топ гүлү негизги жана каптал бутакта жайгашат. Кара куурайдын вегетация мезгили 65–70 күндөн 140–160 күнгө чейин. Уругу топурактын температурасы 8–10°Сде өнүп, 20–25°С температурада жакшы өсөт. Кара куурайдын данында тамак-ашка, техникада пайдаланылуучу 30–35% май бар. Индия, Иран, Түркия жана башка өлкөлөрдө май жана нашаа алуу үчүн эгилет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кара куурай, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.