Кабуки — салттык япон театры.
Музыка коштогон элдик бийлерден жана драмадан турат. 1603-ж. аялдар труппасы катары негизделген. 1629-ж. адеп-ахлак эрежелерин бузуп жатат деген шылтоо менен жабылган. 1652-жылдан оюндарга өңчөй эркектер катышып, алар аялдардын ролун да аткарган. Кабуки театры 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында өзгөчө өнүккөн. 18-кылымдын аягында Кабуки өнөрүнүн борбору Киото жана Осака шаарыларынан Эдого (азыркы Токио) оогон. Театрда жаңы үрп-адаттарды чагылдырган оюндар, тарыхый драмалар коюла баштаган. 1966-ж. Кабуки классикалык театрын сактап калуу максатында мамлекеттик «Кокурицу гэкидзё» театры ачылган. Театрдын спектаклдери СССРде да көрсөтүлгөн: 1928-ж. Садандзи II жана Сётё труппасы, 1961-ж. Итикава Энноскэ II жана Утаэмон VI труппасы келишкен. Заманбап Кабуки театрында салттуу канондук спектаклдер менен катар эксперименттик соңку суперкабуки спектаклдери да коюлууда.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кабуки, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.