Йеллоустон улуттук паркы - АКШнын түндүк-батышында (Вайоминг, Монтана жана Айдахо штаттарында) 1872-ж.
дүйнөдө биринчи уюшулган корук. Аскалуу тоолордогу жанар тоо платолорунда жайгашкан. 2200-2500 м бийикте. Аянты 9 миң км2. Баткактуу жанар тоолор, гейзерлер (3000 миңден ашык) көп. Гейзерлердин бийиктиги 90 мге (Экселиор) жетет. Йеллоустон дарыясында тереңдиги 360 м, узундугу 20 кмге жеткен чоң капчыгай (каньон), бийиктиги 34 жана 94 м болгон шаркыратма бар. Ийне жалбырактуу токой (мырза карагай, көк карагай, карагай ж. б.) каптап жатат. Айбанаттары: бизон, кара аюу (барибал), бугу, күрөң аюу (гризли), багыш, ача мүйүз, аркар, койот ж. б., куштардан ак баш, суу бүркүт, ак бир казан ж. б. (200 түр) бар. Туризмдин борбору. Туристтер июнь-август айларында көп келет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Йеллоустон улуттук паркы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.