Жүрөктүн Ишемия Оорусу

Жүрөктүн ишемия оорусу - жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуу начарлаганда болот.

«Жүрөктүн ишемия оорусу» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы жана согуу ыргагынын бузулушу менен коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Жүрөктүн ишемия оорусу (стенокардия пристубу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума жакындык, аз кыймылдоо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мурда тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал майын жана жакшы сиңиргенүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк майын жана С витамини менен В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булардын баары жүрөктүн ишемия оорунун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жоомарт БөкөнбаевКозу карындарОсмон империясыАтоочтук сүйлөмАрызКыргыз элчиликтериАфрикаНегиз (химия)Нуклеин кислоталарыКөп маанилүү сөздөрБаяндамаКыргызстандын чек араларыМагнит талаасыТике сөзАтаке баатырПротоколКавказМанастын туулганыТүштүк АзияМанас эпосу, ЭнциклопедияОкутуу методуМекен таанууСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКаакым-кукумКытайУйгур кагандыгыАлександр МакедонскийАлфавитАмерика Кошмо ШтаттарыЗат алмашууГенетикаБиринчи мугалимТоктоболот АбдумомуновКыргыздын улуттук кийимдериМаркетингГерманияАтом ядросуКиринди сөзТранспортСогушДүйшөнкул ШопоковМаданий өсүмдүкТарыхОчеркКытай кыргыздары«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»Төрт бурчтукЭэрчишүүПублицистикаКанАт — адамдын канатыТамеки чегүүДекларация (жарнак)Муун (лингвистика)Үй-бүлөАдам укуктарыАба транспортуСийдикБаяндоочФевраль революциясы (1917)ЛирикаОмор СултановТүштүк КореяАйгүл гүлүМолдоваБайдылда СарногоевУкук бузууКош бойлуулукОрусиядагы 1905–1907-жылдардагы революцияИшкердикЖүрөк-кан тамыр тутумуЖаныбарМеталлТүрЖай«Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү»КаакымАсан Кайгы🡆 More