Жийде-Булак целестин кени ] , деңиз деңгээлинен 1390–1420 м бийиктикте жайгашкан.
1955–57-ж. Тажикстандын Геология жана жер байлыгын коргоо башкармасы тарабынан изилденген. Целестин кени жогорку бор мезгилинин ала-була катмарына туура келет. Анын ичинде 10–12 целестин кабаты ажыратылган жана бир топ аралыкка чейин байкалган. Бири бирине жакын жайгашкан кабаттардын бөлүгү 3 рудалык тулкуга бириктирилген. Целестин рудасы желвак жана чачындылар түрүндө кезигет. Желвактардагы целестиндин орточо өлчөмү 59,5–96,8%ке чейин, ал эми жанаша жаткан тектердеги өлчөмү 2,8%тен 27,5%ке чейин өзгөрөт. Кенди технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде, целестиндин чачырандыларын кармаган рудалар жеңил ылгана тургандыгы аныкталган. Концентраттагы целестиндин өлчөмү 83,7–91,77%, ал эми целестиндин бөлүнүп алынышы 74%тен 96,2%ке жетет. Целестиндин запасы С1 жана С2 категориялары боюнча 380–400 миң тга жакын. Целестинден стронцийдин тузун алууга жана кант, айнек өнөр жайында пайдаланууга болот.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жийде-Булак целестин кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.