Жибути шаары, Джибути, (арабча: جيبوتي) Африкадагы Жибути мамлекетинин борбор шаары.
Жибути шаары | |
---|---|
шаар | |
Жибути шаары | |
Өлкө | Жибути |
Population | |
• Total | 400,000 |
Time zone | GMT |
Өз алдынча административдик округ статусуна ээ. Калкы 642,8 миң (2007). Инди океанынын Тажура булуңунун Түштүк жээгинде жайгашкан. Автомобиль жолдор тоому. Джибути – Аддис-Абеба темир жолунун акыркы станциясы (1917). Эл аралык аэропорту бар. Инди океанынын алабынын батыш бөлүгүндөгү эң ири маанилүү порт (жылына 6 млн тга чейинки жүк, жыйырма фут эквиваленттеги 250 миңдей контейнер ташылат; негизинен кофе, тери, туз сыртка чыгарылып, сырттан нефть жана нефть продуктуларын алат).
1888-ж. француздар деңиз порту катары негиздеген. 1896-жылдан Франциянын колониясы Сомалинин жээгинин (1967-жылдан Афарлар менен Исса аймагынын) администрациясы, 1977-жылдан Джибути мамлекетинин борбору. 1949-жылдан эркин порт деп жарыяланган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын ортосуна таандык колония курулуштары, президент сарайы, Хамули мечити сакталган. Университет иштейт (2006).
Шаардын экономикасы кеме каттоону тейлөөгө байланыштуу; ал Суэц каналы аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдү, Эфиопиянын жана Сомалинин Түндүк-батышынын сырткы соодасын, Сауд Арабия танкерлерин, ошондой эле Франциянын деңиз аскер флотун тейлөөнү камтыйт. Нефтини кайра иштетүүчү, текстиль, булгаары, тамак-аш, курулуш материалдар, кеме ремонттоочу, деңиз тузун өндүрүүчү өнөр жай ишканалары бар. Балык кармалат.
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жибути шаары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.