Жеңиш Күнү ― совет элинин майрамы.
Бул күн ― совет элинин 4 жылга созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы нацисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн. 1945-жылдын 8-майы күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Берлин шаарына жакын Карлхорст шаарында вермахтын атынан генерал - фельдмаршал Кейтель Кызыл Армиянынмаршалы Г. Жуковдун жана союздаштардын атынан катышкан Англиянын авиация маршалы А. Теддердин катышуусунда биротоло жана толук багынып берүү (капитуляция) жөнүндөгү келишимге кол койгон. Бул мезгилде Москва шаарында 9-май кирип калган эле. И. Сталин ошол замат 9-майды Жеңиш күнү деп жарыялаган жарлыгын чыгарып, аны эртең менен саат 6:00дө радиодон диктор Левитан бүткүл совет элине жарыялаган. Бул күндөгү, эң биринчи согуш күнүн майрамдоо болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөдө жайнаган эл бирин - бири куттуктап, ыйлап өөп, куттуктап жүрүшкөн.Кечинде саат 22:00дө Москвада 1000 замбиректен 30 залп менен Жеңиш салюту берилген. 1948 жылдан баштап 9-май жумушчу күн деп жарыяланган. 1965 - ж. Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май Жеңиш күнүн кайрадан жумушчу эмес күн деп жарыяланып, майрам толук атрибуттары менен майрамдала баштаган. Аскердик парад, согуш ардагерлеринин салатанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту СССРдин бардык баатыр шаарларында жана улуттук республикалардын борборлорунда өткөрүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жеңиш Күнү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.