Жел-Арык граносиенит кени, үчүнчү участок.
Чүй облусунун Кемин районунда, Жел-Арык т. ж. бекетинен 2,5 км түштүк-батышта. 1982–83-жылдары геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен соңку палеозойго таандык граносиениттерден түзүлгөн. Физикалык-механикалык касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,65–2,95 г/см3, суу сиңирүүсү 0,3–0,4%; көзөнөктүүлүгү 4%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 123,5 МПа, сууга каныккан абалдагысы – 102 МПа, суукка чыдамдуулугун текшергенден кийин – 104,6 МПа. Граносиенит оор бетонго шагыл катары колдонулууга жарамдуу. Запасы А+В+С1 категориясы боюнча 5374 миң м3.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жел-Арык граносиенит кени,, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.