Жан Лерон Д’аламбер

Д’аламбер Жан Лерон (16.11.1717, Париж – 29.10.1783, ошол жер) – франциялык математик жана философ-агартуучу, Париж ИАнын (1754), Петербург ИАнын (1764) жана башка академиялардын мүчөсү.

Дидро менен бирге «Энциклопедия» чыгар ган. Д’аламбер математика, гидродинамика, астрономия, физика илимдерин байытууга салым кошкон. «Динамика жөнүндө трактат» (1743) деген эмгегинде динамика маселелерин келтирип, материалдык ар кандай системанын кыймыл-аракеттеринин дифференциялоочу теңдемелерин түзүүнүн жалпы эрежелерин биринчи ачкан. Анын философиялык эмгектеринин маанилүүлөрү: «Энциклопедия» үчүн жазылган «Илимдердин чыгышынын жана өнүгүшүнүн очерки» (1751) макаласы, «Философиянын элементтери» (1759) эмгеги. Д’аламбер феодалдык-клерикалдык көз карашка каршы күрөшкөн, сенсуализмди жактап, философиянын негизги маселелерин чечүүдө скептизицимге ыктаган. Д’аламбердин көз карашын Дидро «Д’Аламбердин түшү» (1769) аттуу эмгегинде сынга алган.

фр. Jean Le Rond D'Alembert
Жан Лерон Д’аламбер
Туулган жылы:

16 -ноябрь 1717(1717-11-16)

Туулган жери:

Париж, Франция

Каза болгон жылы:

29 -октябрь 1783(1783-10-29) (65 жаш)

Каза болгон жери:

Париж, Франция

Өлкө:

Франция

Илимий чөйрөсү:

математика, механика

Белгилүү окуучулары:

П. С. Лаплас

Белгилүү болгондугу:

«Энциклопедии наук, искусств и ремёсел»

Белгилүү болгондугу:

«Энциклопедии наук, искусств и ремёсел»

Ад.: Энгельс Ф. Диалектика природы. М., 1955; Добровольский В. А. Даламбер, М., 1968; История математики. М., 1972. Т. 3.

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргызстан: энциклопедия

Tags:

АстрономияГидродинамикаДидро, ДениМатематикаПарижПетербургЭнциклопедисттер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Өмүр баянЭлектр зарядыУлуу Кытай дубалыЖер-суу реформасыЖалбыракКыргызстандын чек араларыХимиялык элементАйтматовдун чыгармаларыЖаратылыш ресурстарыКараханийлер кагандыгыСын атоочМагнит талаасыҮндүү тыбыштарТүйүлдүкБоз үйдүн негизги жабдууларыТукум куугучтукЭтишТамактануу«Замана» агымыБилим берүүПедагогикаГеографияМүнүшкөрАйыл чарбаКыргыз ашканасыМидин АлыбаевКыргыз урууларыЭлектр чыңалуусуАрызАк-Талаа районуГрадусДидактикаСүрөКуранКен байлыктарКараханийлер мамлекетиТопуракКыргыз автономиялуу облусуОрфоэпия (лингвистика)Араб халифатыКоомУйгур кагандыгыЭгемендуу Кыргыз РеспубликасыБалдар кылмыштуулугуМанастын күмбөзүНарынОсмонкул БөлөбалаевДифференциацияланган окутууМедицинаСооронбай ЖусуевБир тутумдуу сүйлөмКүндөрдүн аталышыКан тамырларБир өңчөй мүчөКыргызстан театрларыКалыгул Бай уулуМолдо КылычЭлементтер мезгилдик системасыМакал лакапИнтонацияЖыныс мүчөлөрүДаван мамлекетиДан өсүмдүктөрүГидросфераАлмаЛатын алфавитиҮй-бүлөлүк зордук-зомбулукЦивилизацияБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыМарсЭтек кирЖарандык согушГормонГрецияФизикалык чоңдуктардын бирдиктериМенингитКожомбердиев ТурарОктябрь революциясы🡆 More