Жайпур – Индиянын Түндүк-батышындагы шаар.
Ражастхан штатынын администрациялык борбору. Аравалли тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 431 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3,1 млн (2011). Эл аралык аэропорту бар. Ири жол тоому. Жеңил (кебез кездеме), химиялык, цемент, айнек-карапа, электр-техникалык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, пилдин сөөгүн жана ташты чегелөө) өнүккөн. 1728-жылы негизделген. Сарай комплекси (бакчасы, бассейни жана Чандра-Махал ак сарайы менен), Жантар-Мантар обсерваториясы, Хава-Махал ак сарайы («Шамалдар сарайы», 18-кылымдын 2-жарымы; анын фасадында 953 терезе бар) сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жайпур, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.