Дыйканчылык маданияты - жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган атайын иш-чаралар.
Мындай иш-чараларга тар мааниде жер иштетүүгө куралдарды пайдалануу, кеңири мааниде- комплекстүү дыйканчылык системалары, жер семирткичтер, сугаруу жана кургатуу иштери кирет. Дыйканчылык маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүгө негизделген чарбанын жана чарбалык ишмердүүлүктүн дүйнөлүк масштабындагы алдыңкы тиби. Өсүмдүктөрдү багууда, өстүрүүдө жер иштетүүнүн, жаңы сортторду табуунун, эгинди карап өстүрүүнүн, түшүм жыйноонун ж.б.у.с. элдик тарыхый тажрыйба топтоштурулган. Дыйканчылык маданияты жаныбарларды колго үйрөтүү жана бакмалаштыруу менен бир мезгилде мындан 10-8 миң жыл мурда мезолит - неолит доорунда тарала баштаган. Н.И.Вавилов маданий өсүмдүктөрдүн пайда болушунун негизги жети географиялык борборун көрсөткөн.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дыйканчылык маданияты, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.