Демиург (гр.
demiurgos – уста, кол өнөрчү, хирург) – Платондун философиясында идеялар менен материяны бириктирип, реалдуу дүйнөнү жараткан күч (философиялык кудай); дүйнөнү «жок нерседен» жараткан христиандык кудайдан айырмаланып, Демиург дүйнөнү материалдуу жана идеалдуу потенциядан жаратат. Демиург жөн гана кыймылдын башаты эмес, ал өз энергиясы менен Платон тарабынан дүйнөнүн жаны деп аталган кубулушту пайда кылат. Дүйнөнүн жаны космосту курчап, жандууларга жан берет жана реалдуу дүйнөдөгү кыймылдын башаты болуп саналат. Ошентип, Платондун пикири боюнча, реалдуу дүйнө жандан жана денеден (от, суу, аба, жер) турган, шар формасындагы тирүү жандык болуп эсептелет.
.........
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Демиург, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.