Гепатит С - Эң олуттуу жана жаман түрү – бул С гепатити.
Өзгөчө коркунучту анын өнөкөткө айланган формасы көрсөтүп турат, ал оорукчандардын 70-80 пайызга өсүп кетүүсү. Мында грипптин белгилерин эскертип турган алсыздык жана жалпы начар сезүүдөн башка тышкы белгилери болбой деле калышы мүмкүн. Ошондуктан көптөгөн инфекция жуктурушкан адамдар өзүнүн дарты тууралуу өтө кеч билип калышат. Оорунун ушундай жабык болушунан улам С гепатитин эл арасында «жароокер киши өлтүргүч» деп атап коюшат
| ||
---|---|---|
ЭОК-10 | B17.1, B18.2 | |
ЭОК-9 | 070.4, 070.5 | |
OMIM | 609532 | |
DiseasesDB | 5783 | |
MedlinePlus | 000284 | |
eMedicine | med/993 ped/979 | |
MeSH | D006526 |
1) Башка вирустардан бул вирус түрүн өзгөртүүгө болгон жогорку мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат. Ал бүгүн башка болуп туруп, бир аз убакыт өткөндөн кийин башкага айланат. Ошондуктан кайсы бир лабораторияда С гепатитинин жаңы вирусунун штампын алышары менен ага каршы эмдөөнү жаратуунун мааниси жок. Анткени бир жылдан кийин эле анын түрү өзгөрүлгөндүгү жана лабораторияларда окумуштуулардын колунда эскирген көчүрмөсү тургандыгы аныкталып калат. Бул учурларда вакцина жасоонун мааниси жок болуп кала тургандыгы түшүнүктүү – анткени вирустун майда тиби, анын геному башка болуп калат.
2) Бул вирустун экинчи маанилүү сапаты – анын өзгөчө агрессивдүүлүгүндө камтылган. Эгерде А жана В вирустары боордун клеткаларын жаралап, бирок кийинчерээк кетип кала турган болсо, С гепатитинин вирусу боорду толук талкалайт жана андан «согушсуз» эч жакка кетпейт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин адам боордун рагына өөрчүп кетиши мүмкүн болгон боордун циррозу менен ооруйт.
3) С гепатитинин үчүнчү өзгөчөлүгү чындап эле уникалдуу: вирус жуккан боордон сигналдар кетет, бирок мээге баары бир жетпейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гепатит С, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.