Коронавирус (лат.
Коронавирустар Riboviria дүйнөсүнүн, Nidovirales түркүмүнүн, Coronaviridae тукумуна кирип, Orthocoronavirinae тукумчасын түзүшөт. Диаметри 80-120 нм спиралдуу нуклеокапсид, липопротеиддик кабыкчага салынган, курамында бир талдуу РНКсы бар вирустук бөлүкчөлөр. Бул вирустар кадимки суук тийүүдөн өлүмгө алып келе турган пневмонияга чейинки ар кандай деңгээлдеги респиратордук ооруларды пайда кылат.
Адамдардагы жеңил-желпи ооруларга кадимки суук тийген учурлар кирет (негизинен риновирустар), ал эми өлүмгө алып келген түрлөрү SARS, MERS жана COVID-19 ооруларын козгойт. Алар уйлар менен чочколордо диареяны, чычкандарда гепатит жана энцефаломиелитти пайда кылат. Азырынча адамдын коронавирусунан келип чыккан инфекциялардын алдын алуу же дарылоо үчүн вакцина же вируска каршы дары жок.
1965-жыл. Улуу Британиянын Уилтширдеги “Common Cold Research Unit” коомунун изилдөөчүлөрү суук тийген баладан В814 культивацияланган вирус жөнүндө кабар беришет. Алар мындай патогенди “адамдын дем алуу жолдорунан башка белгилүү вирустары менен дээрлик байланышы жок” деп белгилешет.
1966-жыл. Чикаго университетинен Дороти Хамре менен Джон Прокноу медик-студенттен алынган 229Е вирусун, “ал башка белгилүү респиратордук вирустардан айырмаланат” деп сүрөттөшөт.
1967-жыл. Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар институтунун окумуштуулары В814 каражатында колдонгон ыкмаларды пайдаланып, ушул сыяктуу морфологиясы бар дагы бир жаңы адам вирусун өстүрүшкөнүн билдиришти. Алар аны ОС43 вирусу деп аташкан.
1968-жыл. Коронавирустарды биринчи болуп байкаган сегиз изилдөөчү, ошондой эле Джун Алмейда жана В814, 229Е, ОС43 вирустарын ачкан окумуштуулар “Nature” журналына “ушул жана жакын арада эле бөлүнүп чыккан бир нече адамдын вирустары жаңы категорияга – коронавирустарга кирет” деп жазышкан. Айтымында, бул вирустарга тегерек жана гүл желекчеси бар “күн таажысына окшогон” белгилер мүнөздүү дешет.
2003-жыл. Эл аралык изилдөө тобу 2002-жылдын аягында Кытайдын түштүгүндө башталган оор курч респиратордук синдромдун (SARS) башталышы, жаңы пайда болгон адамдын коронавирусунан келип чыккандыгын билдирди.
2004-жыл. Нидерландыдагы Эразмус (Erasmus) медициналык борборунун изилдөөчүлөрү кийинчирээк NL63 деп аталган коронавирусту пневмония менен ооруган баладан бөлүп алышкан.
2005-жыл. Гонконг университетинде жайгашкан изилдөөчүлөр тобу пневмония менен ооруган эки бейтаптын анализинен дагы бир HKUT коронавирусун табышкан.
2012-жыл. Эрасмус (Erasmus) медициналык борборунун изилдөөчүлөрү менен кесиптештери Сауд Аравиясында пневмония жана бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдан (кийинчирээк MERS-CoV деп аталган) жаңы коронавирусту аныкташкан.
2019-жыл. Кытайдагы изилдөөчүлөр тобу Ухандагы илдеттин чыгышынын себебин азыркы учурда SARS-Cov-2 деп аталган жаңы коронавирусту аныкташты.
Төмөндөгү адамдагы коронавирустардын симптомдору башкаларга салыштырмалуу жеңил болот.
Жети коронавирустун үчөө башка коронавирустарга караганда бир кыйла оор, кээде адамдардын өлүмүнө себеп болуучу респиратордук инфекцияларды пайда кылат. XXI кылымда ал өлүмгө алып келген пневмониянын ири очокторун жаратууга себеп болгон:
Катуу респиратордук инфекцияларды пайда кылган бул коронавирустар зооноздук козгогучтар, алгач ооруган малдарга жугуп, андан кийин жаныбарлардан адамдарга жугат. SARS-CoV-2 көпчүлүк учурларда адамдан адамга жугат.
Коронавирус адамдардын ден-соолугуна жараша ар кандай таасир этет. Вирусту жуктуруп алгандардын көпчүлүгү жеңил же оор түрлөрүнө чалдыкса, кээ бирлери ооруканага жатпастан айыгып кетишет.
- дене табынын жогорулашы, кургак жөтөл, алсыроо.
- дененин жана тамактын оорусу, ич өтүү, конъюнктивит, баш оору, даам же жыт сезүү жөндөмүнүн жоголушу, манжалардын түсүнүн өзгөрүшү же теринин үстүндө тактардын пайда болушу.
- дем алуунун татаалдашы же энтигүү, көкүрөк оорусу же басым, сүйлөө же кыймыл-аракетти жоготуу.
Орто эсеп менен оорунун белгилери вирус жуккандан кийин 5-6 күндөн кийин пайда болот, бирок ал 14 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Эгер оорунун белгилери байкалса, тезинен дарыгерге кайрылуу керек. Үй бүлөлүк дарыгерге же саламаттыкты сактоо мекемесине барардан мурун телефон аркылуу байланышуу зарыл.
Азыркы учурда коронавирус илдетин алдын алуу үчүн вируска каршы дары-дармектер жана вакциналар жок. Вирустук протеаздар, полимеразалар жана кирүүчү белоктор сыяктуу бир катар вируска каршы максаттуу нерселер аныкталды. Учурда бул белокторго жана вирустун репликациясынын ар кандай баскычтарына багытталган дары-дармектер жана адамдын ар кандай коронавирустары үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп бир катар вакциналар иштелип чыгууда.
Бирок, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана коронавирус илдетин жуктурбоо үчүн гигиенаны сактоо зарыл. Бул талаптарга төмөндөгүлөр кирет;
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Коронавирус, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.