Гагарин Юрий Алексеевич

Юрий Алексеевич Гагарин - учкуч -космонавт.

Гагарин Юрий Алексеевич

Өмүр таржымалы

Юрий Гагарин 1934-жылы 9-мартта Смоленск областынын Гжатск районунун Клушино деген айылында туулган.1951-жылы Люберцы шаарында кесипчилик окуу жайын,1955-жылы Саратов курулуш техникумун жана ошол эле шаардагы аэроклубдун курсун бүткөндөн кийин Чкалов атындагы аскер авиациялык окуу жайынан (1955-1957-жж.)окуган. Кийин Кызыл Туулуу Түндүк флотунун авиациялык бөлүктөрүндө кызмат кылган .Тайманбас,таланттуу учкун катары 1960-жылы космонавттар отрядына кабыл алынат. Юрий Гагарин 1961-жылы космодромго келип,ракетаны ааламга алып чыгуучу жабдуулар жана "Восток" космос корабли жасалган заводунда,космодромдо толук сыноодон өтөт.Башкы констуктор С.П.Королев учууну 12-апрелде (Москва убактысы боюнка 9саат 7 минутада) бекитүү жөнүндө мамлекеттик комиссиядан өтүнгөн.Комиссия "Восток" космос кораблинде биринчи болуп ага лейтенант Юрий Гагарин уча турганын жарыялайт. Беш мүнөттүк даярдыктан кийин учуунун алдындагы буйруктар берилип,ракета старт аянтынан акырын бөлүнөт.Юрий Гагарин ошол заматта Королевдун "Кеттик!"- деген үнүн угуп,"Жөнөдүк" - деп жооп кайтарат.

Юрий Гагариндин эскериши

Космостон кайтып келгенден кийин ал мындай деп эскерет: "Ажайып мындай кооздукту мен мурда көргөн жок элем.Эч нерсеге салыштырууга болбойт.Түз менен ыраңдын не бир жумшак түрлөрүн көрдүм. Жомоктогудай кооздукту сүрөттөп айтууга сөз чабалдык кылат.Космостон жер укмуштай көк жашыл болуп,кубулжуп көрүнөт тура". Жер планетинин биринчи космонавты дайыма:"Восток" кораблинде бир гана мен учкан жокмун,бул менин үлүшүмө гана таандык нерсе эмес, ал биринчи кезекте илимпоздорубуздун,конструкторлорубуздун,инженер-техниктерибиздин,жумушчуларыбыздын,жалпы элибиздин эмгеги" - деген. Бир сааттан ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин "Восток" корабли кайрадан Жерди көздөй багыт алып, Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан бир колхоздун талаасына келип конгон.Ошентип, 1961-жылдын 12-апрелинде адам баласы үчүн космоско ачылган жол түбөлүк болуп калды. Мурдагы "Восток" кораблинин ордуна улам жаңы өркүндөтүлгөн кораблдер космоско учуусун улантышты. Адамзат чабытын кеңейтип жаңы эраны баштаган учкуч жылдыздар аралык галактиканы басып өтүп,ааламдын улуу саякаты башталгандыгын айкындады.

Ишмердиги жана чеберчилиги

Юрий Гагарин космонавттык чеберчилигин арттырып,космонавттардын экипажын үйрөтүүгө катышкан. Космос кемелеринин учушуна жетекчилик кылып,көптөгөн иштерди аткарган. 1966-жылдан Астронавтика жана космосту изилдөө боюнча эл аралык академиянын ардактуу мүчөсү болгон.

Сыйлык, наам даражалары

"Ленин" ордени, чет мамлекеттердин эң жогорку сыйлыктары, орден-медалдар менен сыйланган. 1968-жылы 27-мартта самитлетто машыгып жүрүп курман болуп, сөөгү Кызыл Ачнттагы Кремль дубалына коюлган. Анын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Гжатск шаарына жана районуна Гагариндин аты ыйгарылды.1968--жылы Ю.А.Гагарин атындагы алтын медаль сыйлыгын Эл аралык авиация Федерациясы белгиледи. Ал космос мейкиндигин өздөштүрүүгө кошкон салымы үчүн учкуч-косармонавттарга жыл сайын берилет.

Колдонулган адабияттар

  • Нагибин Ю.М.Гагарин жөнүндө аңгемелер/Котор:Т.Дюшеев.-Ф.:Мектеп,1984.-95б.Гагарин Юрий АлексеевКыргыз Совет Энциклопедиясы.-Т 2.-Ф.;1977

Tags:

Гагарин Юрий Алексеевич Өмүр таржымалыГагарин Юрий Алексеевич Юрий Гагариндин эскеришиГагарин Юрий Алексеевич Ишмердиги жана чеберчилигиГагарин Юрий Алексеевич Сыйлык, наам даражаларыГагарин Юрий Алексеевич Колдонулган адабияттарГагарин Юрий Алексеевич

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Сан атоочКлетка теориясыСаяпкерКыргыз алфавитиӨзгөргүчтүкКесиптик лексикаВирустуу гепатитКонцепцияТеңдемеНарын дарыясыОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууТеңир-ТооКлиматЯн Амос КоменскийЭтишАткаруу бийлигиКыргызстандын экологиялык көйгөйүЗуура СооронбаеваИдиомаЭкстремизмСкифтер«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруАйчүрөк (опера)Кыргызстандагы коло дооруЫкташууМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыПолисемияБала бакчаАндронов маданиятыЮридикалык жакАк батаСухомлинский Василий Алекса́ндровичАта-энелик укуктар жана милдеттерТилбилимПалеолит дооруКалпакКыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышыШүкүрбек БейшеналиевОкутуунун принциптериБалдар адабиятыБишкекТууранды сөзТабият таанууГалактикаСөз айкашыЗар-заманМектепИчкилик«Манасчылар»Жамийла (повесть)Барсбек каганКызылча (оору)Манаска ат коюуАлгачкы коомАалы ТокомбаевДиалектМоголстанБилим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстериКыргыз тилиТүйүлдүкМанас эпосундагы образдарБелокАрстанбек Буйлаш уулуКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыАскердик антМамлекеттик башкарууСинтаксисБалбай баатыр Эшкожо уулуҮндүү тыбыштарМанас таанууЭвфемизмБанкМейозЖүрөк физиологиясыТкандар (биологияда)🡆 More