Бир үлүштүү өсүмдүктөр - лилиопсиддер (Monocotyledones же Liliopsida) урук түйүлдүгүндө бир гана урук үлүшү бар жабык уруктуу өсүмдүктөр классы.
Аларга өсүмдүктүн 80 тукуму, 2600 уруусу жана 60 миңдей түрү кирет. Эки үлүштүүлөрдөн айырмасы алардын негизги тамыры эрте солуп, кошумча жан тамырлар пайда болот. Сабагы менен тамырында камбий болбогондуктан жоонойбойт. Жалбырагы көбүнчө жарыш жана дого сымал тарамыштуу, сапсыз, сабакка жазы негизи менен бекийт. Көпчүлүгү кайчы гүлдүү (карабуудай, жүгөрү, сорго ж.б.), кайчылаш, айрымдары өзү менен өзү (арпа, буудай жана башка) чаңдашат. Гүлдөрү үч мүчөлүү, айрымдарынын гүлкоргону жөнөкөй. Көпчүлүгү чөп өсүмдүк болгондуктан, мелүүн алкакта, шалбаа, талаа, саванналарда өсөт. Дарактары тропикте, кээде субтропикте кездешет. Адам тиричилигинде алардын мааниси чоң, негизги тамакаш жана тоют өсүмдүктөрү: буудай, арпа, сулу, жүгөрү, шалы, балкамыш ж. б. Дарылык касиеткээ түрлөрү да бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бир үлүштүү өсүмдүктөр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.