Бирмиңгем ― Улуу Британиядагы шаар (администрациялык округ), Уэст-Мидлендс метрополитен графтыгынын администрация борбору.
Калкы 984 миң (2005). Өлкөдө элинин саны боюнча 2-орунда (Лондондон кийин). Тегерегиндеги «Каралар өлкөсү» деп аталган шаар менен кошо өнөржайлуу Уэст-Мидлендс конурбациясын түзөт. Өлкөдөгү оор өнөржайынын башкы борборлорунун бири. Унаа, учак куруу, электр-техника, станок куруу, металл иштетүү, түстүү металлургия, резина өнөр жайы өнүккөн. Шаарга жакын көмүр бассейни жайгашкан; үниверситет бар. Готика стилиндеги чиркөө (13-кылым), классицизм стилиндеги собор жана ратуша (18-19-кылым) сакталган. Б. з. 1-кылымында негизделген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бирмиңгем, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.