Бермуд аралдары – Атлантика океанындагы коралл аралдарынын (300гө жакын) тобу.
Түндүк Америка материгинен 900 км чыгыш тарапта. Улуу Британиянын колониясы. Аянты 53, 3 км2. Калкы 52 миң (1970), бермуддар.
Административдик борбору - Гамильтон. Климаты тропиктик, нымдуу. Эң суук мезгилинин (март) орточо температурасы 16, 7°С, эң жылуу учурда (август) 26, 7°С, жылдык жаан-чачыны 1350 мм ге чейин. Балык уулоо, туризм өнүккөн. Курорттор бар.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бермуд аралдары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.