Батыш Ак-Суу жез кени Ысык-Көл районунда, Ак-Суу суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3000–3300 м бийиктикте.
1971–75-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун диорит, сиенит-диорит дайкалары жана үстүнкү ордовиктин гранит-порфирлери жиреп чыккан ортоңку ордовик мезгилинин терриген-карбонат катмары менен түзүлгөн. Руда тулкулары акиташ кабатчаларынын интрузия менен кошулган гранат, гранат-магнетит скарн кабаттарында жайгашкан. Скарндагы руда тулкуларынын узундугу 50 мден 850 мге чейин, калыңдыгы 5 мден 20 мге чейин созулуп, магнетит, гематит, пирит, халькопирит, коргошун-цинк минералдарын камтыйт. Аз өлчөмдө касситерит, висмутин, вольфрамит, алтын кездешет. Пайдалуу компоненттердин өлчөмү төмөнкүчө: жез – 0,2–2,5%, коргошун – 1% чейин, цинк – 1%тен көбүрөөк, алтын – 3,1 г/m чейин. Руданын болжол ресурсу 18661 миң m, жездики 129830 m, алтындыкы - 7 m.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Батыш Ак-Суу жез кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.