БУУ Өнүктүрүү Программасы (U.N.D.P.- ЮНДП) — 1949-жылдан бери иш жүргүзгөн Кеңейтилген Техникалык Жардам Программасы менен 1958-жылы түзүлгөн БУУнун Менчик Фонду биригип, 1955-жылы бул уюмду түзгөн.
Ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө БУУ жана Адистик 41 Мекемелердин жардамдарын жеткирүү, бул өлкөлөрдү адистер менен камсыз кылуу, инвестиция жасоодон мурда бул өлкөлөрдү изилдөө жана буга байланыштуу долбоорлорду түзүү менен алектенет. Программа мүчө өлкөлөрдүн финансылык жардамы менен жүргүзүлөт.
БУУ тарабынан биринчи өнүктүрүү жылы деп жарыяланган 1956-69-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бул программа аркылуу 1 млрд 200 млн доллар жардам берилген жана 60 миң адис жөнөтүлгөн, 45 миң адамга билим берилген. Бул мезгил аралыгында башталган миңге чукул долбоор жыйынтыкталганда ага кеткен финансылык чыгым 1 млрд 872 млн, ал эми өлкөлөргө жардам иретинде 2 млрд 121млн доллар акча сарпталган. Бул программага 8 миң адис жөнөтүлөт жана аларга жылына 5 миң доллар өлчөмүндө стипендия төлөнөт, ал эми сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 30 млн доллардык өлчөмдө материалдык жардам берилет. Мисалы, 1974-жылы 128 өлкө бул программага 240 млн доллардык өлчөмдө финансылык жардам берүүнү мойнуна алган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article БУУнун Өнүктүрүү программасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.