Ашуу, Бел - бул тоо кыркасынын же массивинин ийилиши.
Тоо кыркаларынын арасындагы адам өтө ала турган бийиктиктер, өтмөк жолдор. Кыргыз эли тоо аралап көчүп-конуп жүргөндүктөн жердин уусун жакшы билишкен. Кайсыл тарапка кайсыл ашуу аркылуу, кайсыл мезгилде ашса боло тургандыгы дайын болгон. Ашуулар жер өзгөчөлүктөрүнө жараша, көбүн учурда, кыш мезгилинде кар басып жабылып калышат. Кээ бир бийик ашуулар жайдын бир-эки айы гана ачык болушат. Азыр ашуулар аркылуу даңгыр унаа жолдору салынган. Эң белгилүү ашуулар Төө-Ашуу (бийиктиги 3800 метр), Ала-Бел ашуусу (бийиктиги 3185 метр) Бишкек-Ош жолунда жайгашкан. Кыргызстандагы эн бийик ашуу Кызыл-Арт ашуусу.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ашуу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.