Арыктоо - организмде зат алмашуунун бузулушунан пайда болгон патологиялык абал.
Арыктоо организмдин ашыкча иштешинен, сапатсыз же жетишсиз тамактануусунан жана ар кандай оорунун кесепетинен болот. Адамдын организминде зат алмашуунун натыйжасында көп энергия пайда болуп, анын бир бөлүгү тиричилик үчүн пайдаланылса, калган бөлүгү запаска сакталат. Бул запас энергия АТФ (аденозинтрифосфат) түрүндө болот. Организмде АТФнын запасы өз убагында толукталбай, азайып кетишинен органдардын кызматы начарлап, адам арыктайт. Дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Арыктоо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.