Веспуччи Америго (9.3.1454 (1451), Флоренция – 22.2.1512, Севилья) ― деңиз саякатчысы.
1491-ж. Испанияга көчүп келген. Алгач Медичи банкында кенже кызматкер, кийинчерээк ошол фирманын Севильядагы агенти болуп кызмат өтөгөн. Х. Колумбдун 2жана 3-экспедициясын даярдоого катышкан. 1497-98-ж. Канар аралына саякат жасаган. 1499-1500-ж. Испаниянын, 1501-04-ж. Португалиянын деңиз кызматында, 1508-12-ж. Кастилиянын башкы кеме башкаруучусу (кормчий) болгон. 1499-1504-ж. Жаңы Дүйнөнүн жээктерине болгон экспедицияларга катышкан. Бул саякаты тууралуу Лоренцо Медичи менен Пьеро Содериниге жазган каттары дүйнөгө белгилүү болуп, басма беттерине бир нече тилде (1505-10) басылган. Лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер Колумб ачкан «дүйнөнүн төртүнчү бөлүгүн» Веспуччи тапты деп жарыялап, анын урматына Америка деп (1507) аталып, 1538-ж. картограф Меркатордун картасына «Америка» деген ат менен түшүрүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Америго Веспуччи, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.