Александр II - (17.
4. 1818, Москва - 1. 3. 1881, Санкт-Петербург) - Россиянын императору (1855-ж. февралдан). Николай Інин тун уулу. 1861-ж. крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө Манифест жарыялап, анын натыйжасында миллиондогон дыйкандар бошотулган. Мамлекетти башкарууда бир катар реформаларды (сот, цензура, шаар, земство, аскер ишине өзгөртүүлөр киргизүү ж. б.) жүргүзгөн. Өлкөдө темир жол куруу ж.б. өнөр жайлары өнүккөн, флот, армия чыңдалган. 1863-64-ж. Польшадагы көтөрүлүштү баскан соң, Александр II революционерлерге, либералдык жана земстволук кыймылдын катышуучуларына каршы чаралар көрүп, бир нече жолу революционер-народниктердин үстүнөн ири саясий сот процесстерин уюштурган. 1870-жылдын аяк ченинен өкмөт тарабынан көп учурларда өлүм жазасына тартуу күч алган. Александр ІІнин доорунда Россияга Кавказ жерлери (1864), Казакстан (1865), Орто Азиянын айрым (1865-81) аймактары каратып алынган. 1865-ж. Россия империясы Ташкенди басып алган соң, Түркстан облусу (1868-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугу) негизделген жана жергиликтүү элдерге карата колониячыл саясатын уланткан. 1877-ж. Россия Балкандагы таасирин бекемдөө ж-а славян элдеринин улуттук-боштондук кыймылына жардам берүү максатында Түркия менен согуш баштаган. Александр II бир нече жолку өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуулардан кийин (1866, 1867, 1879, 1880), 1881-ж. 1-мартта Петербургда «Народная воля» уюмунун өкүлү таштаган бомбадан каза тапкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Александр II, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.