Жон Мейнард Кейнс (5.
6.1883, Кембриж – 21.4. 1946, Суусекс графтыгы, Ферл) – англиялык экономист, мамлекеттик ишмер жана публицист, 20-кылымдагы экономикалык ой жүгүртүүнүн маанилүү агымдарынын биринин негиз салуучусу. Кембридждеги Королдук колледжде (1902–06) окуган. 1920-жылдан Кембридж университетинин профессор «Индекс методдору» аттуу алгачкы экономикалык эмгеги үчүн 1909-жылы А. Смит атындагы сыйлыктын алган. 1930-жылы комитетин акча жүгүртүү теориясы боюнча өз лекциясынан турган «Акча жөнүндө трактат, 1936-жылы «Жумуштуулуктун, проценттин жана акчанын жалпы теориясы» аттуу эмгектери жарыяланган. Кейнс Жон улуттук киреше, керектөө, сактам жана инвестиция сыяктуу агрегатталган көрсөткүчтөргө көңүл бурган жана экономикалык активдүүлүк деңгээлинин калыптануусун түшүндүрүүчү жалпы теорияны иштеп чыккан. 1944-жылы Эл аралык валюта фондун жана Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкын түзүү планын иштеп чыккан Бреттон-Вуд конференциясына британиялык делегацияны жетектеп барган. Кейнс теориясы АКШда, Улуу Британияда жана бир катар өлкөлөрдүн экономикалык саясатына олуттуу таасир тийгизген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жон Мейнард Кейнс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.