Үй (англ. Home, орус.
История путешествия) - 2009-жылы Ян Артур-Бертранд тарткан документалдуу тасма. Тасманын дээрлик көпчүлүк бөлүгү жер планетасынын ар тараптан тартылган видео материалдарынан түзүлгөн. Тасма жер планетасындагы жашоонун ар түрдүүлүгүн жана адамзатынын жер планетасынын экологиясына терс таасир этип жаткандыгын баяндайт. Тасманын англисче версиясын Гленн Клоуз окуган. Испанча версиясын Сальма Хайек окуган. Араб версиясын Махмуд Саид Окуган. Тасманын бет ачаары 2012-жылы Даун Брейкерс эл аралык кино фестивалында болгон. Фестивалдагы бет ачаарга чейин 2009-жылы 5-июнда дүйнө жүзү боюнча кинотеатрларда көрсөтүлгөн. Ошондой эле DVD, телевизор, "YouTube"да 181 өлкөдө чыккан. Тасмага баалуу бренддерди саткан эл аралык француз компаниясы Кериң каржылык жактан жардам көрсөткөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Үй (тасма), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.