Якобсон органы (Л.Якобсондун атынан), вомероназалдык же көнчөк-мурун органы (organum vomeronasale) - жер үстүндө жашоочу омурткалуулардын жыт сездиргич органдын бөлүгү.
Жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана сүт эмүүчүлөрдүн көпчүлүк түрүндө кездешет. Крокодилдер менен канаттууларда Я. о. болбойт. Кургактагы омурткалуулардын бардыгында Я. о. эмбрионалдык мезгилинде гана болот. Анын функциясы – тамактын жытын билүү, ал эми сүт эмүүчүлөрдө - жыныстык феромондорду кабыл алууга жарайт. Сүт эмүүчүлөрдүн Я. о. жуптуу, мурун тосмосунун түбүндө 2 ичке түтүкчө түрүндө жатат, анын алдыңкы учу таңдай-мурун каналга же мурун көңдөйүнө ачылат. Я. о-нын ичи сезгич эпителиялар менен капталган, рецептордук клеткалардын ак сондору жыт сездиргич нервдин бутагын пайда кылат. Жерде-сууда жашоочулар жана рептилияларда Я. о. хоаналардын ортосунда жайгашкан, ал тую функцияны аткарат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Якобсон органы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.