Эйзенахчылар - жалпы германиялык жумушчулардын 1869-ж.
августта Эйзенах шаарында өткөн съездинде А. Бебель жана В. Либкнехттин жетекчилиги менен түзүлгөн Германия социал-демократтык жумушчу партиясынын мүчөлөрү.
Эйзенахчылардын программасы негизинен 1-интернационалдын революциячыл принциптерине таянып түзүлгөн. Уставда көрсөтүлгөндөй партия демократиялык нейтрализм принцибинин негизинде курултай. Эйзенахчылар эл аралык жумушчу кыймылында 1-Интернационалдын революциячыл багытын колдоп, андагы марксчыл тараптын таянычы болгон. Эйзенахчылар Германиянын революциячыл жол менен биригишин колдоп, полициялык-милитаритеттик режимге каршы күрөшкөн.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эйзенахчылар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.