Түштүк Кытай деңизи - Тынч океандын батышындагы жартылай туюк деңиз.
Түштүк-Чыгыш Азиянын жээктеринде, Индикытай ж. а. менен Калимантан, Палаван, Лусон жана Тайвань а-нын ортосунда жайгашкан. Аянты 3537 мин км2. Эң терең жери 5560 м. Ири булундары - Бакбо (Тонкин), Сиам. Чоң аралы - Хайнань.
Борбордук бөлүгү терең ойдуң, түндүк-батышы жана түштүгү рифтерден турган материктик тайыздык менен курчалган. Суунун температурасы үстүнкү бөлүгүндө февралда 20°Сден (түндүгүндө) 27°Сге (түштүгүндө) чейин, августта 28-29°С. Туздуулугу 32-34%о. Жайында, күзүндө тайфундар болуп турат. Суткада 1 жолу беймаал, эки жолу маалы менен ташкындайт, алардын бийикт. 4 -мге жетет. Балык кармалат.
Башкы порттору: Бангкок (Тайланд), Хошимин, Хайфон (Вьетнам), Сянган, Гуанчжоу (Кытай), Манила (Филиппин).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Түштүк Кытай деңизи, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.