Сөз Бириктирүү

Сөз бириктирүү – эки же андан ашык уңгуну (негизди) бириктирүүгө негизделген сөз жасоо ыкмасы.

Сөз бириктирүүнүн натыйжасында татаал сөз же ком-позит пайда болот. Сөз бириктирүү тилдеги бирдиктердин айкашуусунун морфологиялык жана синтаксистик ыкмаларынын ортосундагы аралык абалды ээлейт. Татаал сөздөрдүн айрым түрлөрү структурасы боюнча сөз айкаштарына жакын болуп, бүтүндөй сөздөрдүн комбинациясынан турат.

Татаал сөздөргө бүтүндүк белгилери мүнөздүү:

  • 1) 1-компоненттин грамматикалык маанисинин жоголушу (Мис., кыркаяк – 1-компоненти сан атооч болсо да, татаал сөз зат атоочту билдирет);
  • 2) компоненттердин жайгашуусунун белгилүү бир тартиби (темир жол жана жол темир);
  • 3) бир негизги басымдын болушу: бака жалбырак;
  • 4) морфологиялык өзгөчөлүктөр;
  • 5) татаал сөздүн бирге же дефис аркылуу жазылышы.

Татаал сөздөр составындагы компоненттеринин өзара байланышына карай 2 түргө бөлүнөт:

  • 1) тең байланыштагы – тең укуктуу компоненттердин комбинациясы;
  • 2) багыныңкы байланыштагы - компоненттердин бири синтаксистик жактан негизги роль ойнойт, башка компоненттер ага көз-каранды болот. Компоненттердин байланышуу жолдору боюнча Сөз бириктирүү 2 ге бөлүнөт: а) Сөз бириктирүү уңгулардын жана негиздердин фонетикалык эч кандай өзгөрүүгө учурабай биригиши, б) уңгулардын фонетикалык жактан өзгөрүүгө учурап биригиши.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Чүкө оюндарыКыргыз элинин калыптанышыРоботБиотехнологияНоокат районуФразеологизмПротоколАфрикаБашкы баракАминдерКыргызстан калкынын биринчи курултайыГеографиялык кабыкСуу, суутек оксидиАдеп тарбиясыКанВолейболСарыбагышПрозаТери ооруларыОрмон ханДинЖумушсуздукЖугуштуу ооруларПрокси серверИлбирсӨрт коопсуздугу1930Магнит талаасыСатурн«Замана» агымыАксонометриялык проекцияларАныктоочРадиоактивдүүлүкТажикстанСөзЛирика“Алтын кыз” (драма)Үнсүз тыбыштарКыргыз ССРинин КонституциясыКосмосДаван мамлекетиАк кеме (чыгарма)Сейтек эпосуСүтСуу ЧечекБиоценозКутадгу билигМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыСөз айкашыАалы ТокомбаевЖусуп БаласагынКургак учукСелКыргызстан тоолоруКумтөрРефлекстерТаштандыларды жок кылууКыргыз сомуШилекей бездериКеңеш ЖусуповКыргызстандын шаарларыСыдык уулу ОсмонаалыСак уруусуТукум куугучтукМамлекеттик башкарууАстрономияХанафий мазхабыГерманияСары-ЧелекАң-сезимКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыТике сөзАнглияКыргыз Республикасынын Кызыл китебиКыргызстан көмүр кендериКаратма сөзКош бойлуулукУсун мамлекети🡆 More