Көңүл айтуу ырлары - кыргыз элдик поэзиясындагы каада-салт ырларынын бир түрү.
Мындай ырлар жалпы уруу, эл, жеке үй же киши башына түшкөн кайгы-капа, өлүм житимге байланыштуу чыгарылат. Көңүл айтуу ырлары башка элдерде да бар. Көңүл айтуу ырларында киши кайгысына ортоктошуу, аны жеңилдетүү, кайрат берүү сыяктуу идеялар берилет.
Оозеки чыгармачылыкта көңүл айтуунун ыр түрүндөгү үлгүлөрү көбүрөөк сакталып, көңүл айтуу салтына байланыштуу калыптанган атайын сөз формулалары арбын колдонулат (мисалы, «Атаң өлсө, тайлак бар, жүгүн жерге калтырбайт», «Шумкар учса, туйгун бар, тууру анын бош калбайт»).
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Көңүл айтуу ырлары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.