Адам укугу жана эркиндиги ― адамга табият берген жана мамлекет тарабынан корголуп жана кепилденип турган укуктар.
Бул укуктар ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык болуп, мыйзамдык чектөөлөрдөн жана мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз аракет кылат. Буларга – жашоо жана дененин кол тийбестиги укугу, кишинин кадырын сыйлоо, мыйзамсыз камоо жана кармоодон эркин болуу, ишеним жана абийир эркиндиги ж.б. кирет. Инсандын укугу жана эркиндигинин өтө кеңири комплексин, алардын ар кандай түрлөрүн өзүнө камтыйт: жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий укуктар. Индивиддик жана коллективдүү укуктардын булардан башка да түрлөрү бар.
Эң жогорку коллективдүү укук – бул көз каранды эмес мамлекетти түзүү укугу. Эгер бул укукту ишке ашыруу мүмкүн болбосо, анда мектептерде эне тилинде окутуу же белгилүү бир райондордо өз тилин расмий тил катары мыйзамды бекитүү үчүн күрөшүү ж.б. Коллективдүү укук көп улуттук мамлекеттердеги этностук азчылыктардын аракеттерине мүнөздүү. Адам укугу жана эркиндиги «тепселген» өлкөлөрдө коллективдүү укук курч мүнөздө болуп, ички карама-каршылыктарга алып келет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адам укугу жана эркиндиги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.