Кордова (Испания) — Испаниядагы шаар.
Кордова провинциясынын административдик борбору. Сьерра-Морена тоосунун этегинде, Гвадалквивир дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 327,8 миң (2009). Шаар аркылуу жогорку ылдамдыктагы Мадрид — Кордова — Малага темир жол магистралы өтөт. Аэропорту бар. Түстүү металлургия, машина куруу, тамак-аш — татымал, текстиль өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер бар.
756—929-жылдары Кордова эмирлигинин, 929—1031-жылдары Кордова халифатынын борбору болгон. Собор [13-кылымга чейин мечит (785-ж. курула баштаган); дүйнөдөгү эң ири], роман стилиндеги СанПабло (13-кылым), Сан-Николас (13-кылым) чиркөөлөрү, Кармен Кальсадо чиркөө монастыры (16-кылым) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Королдор Илимдер академиясы, институт, университет бар. Жыл сайын музыка фестивалы өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак уюштурулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кордова (Испания), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.