Карайымдар (өздөрүн карайлар деп аташат) – Украина (Крымда 1200), Россия (Москва жана Санкт-Петербургда 366), Литва (300), Польша (45), Израилде (20 миң) жашаган аз сандагы эл (2002).
Карайым тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – карайым дининде. Карайымдар – Хазар кагандыгына кирген түрк урууларынын укум-тукумдары. 10-кылымда Хазар хандыгын Киев княздыгы талкалаган соң, карайымдар Крым аймагында калышкан. 14-кылымда Крым хандыгынын борбору – Солхатта, ошондой эле Чуфут-Кала шаарында карайымдар жамааттары болгон. 14-кылымдын аягында карайымдар Улуу Литва княздыгынын туткундары катары Литвага, Украинанын батыш аймактарына көчүрүлгөн. Крым (1783) жана Вильнанын (1795) Россия империясынын курамына кириши менен карайымдардын абалы өзгөргөн. 1795-жылы Екатерина II Россияда жашаган карайымдарды салыктан бошотуп, жер менчиктерин алууга уруксат берген. Карайымдар дыйканчылык менен кесиптенишип, туз кендерин пайдаланышкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Карайымдар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.