Какеев Аскар Чукутаевич - (1935-жылы 10-декабрда төрөлгөн, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы - 2021-жылы 25-апрелде Бишкекте каза болгон) – коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993).
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1993), КРеспубликасынын илимге эмгектин сиңирген ишмери (1995). Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2002). Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.
1958–60-жылы Кыргызстандын ички иштер министрлигинин архив фондусунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштеген.
1960–63-жылы Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институтда аспиранты, 1963-жылдан ошол эле институнда улук илимдер кызматкер.
1968-жылдан Кыргыз мамлекеттин айыл чарба институнда философия кафедрасынын башчысы. 1980-жылдан ушул эле институтта партия комитетинин катчысы.
1984–88-жылы Кыргызстан Компартия БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысына басар.
1989-жылдан Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институнун (1992-жылдан Философия институ) директору.
1992-жылдан декабрынан Кыргыз Республиканын президенттик аппаратынын жетекчиси – мамлекеттик катчы.
1993-жылдан Кыргыз Республиканын элге билим берүү министри.
2000-2005-жж. Жусуп Баласагын атындагу КУУнун ректору, Кыргыз Республиканын Президентинин кеңешчиси болгон.
2005-жылдан Б.Ельцин атындагы Кыргыз Орус славян университетинде кафедра башчысы болгон.
Ал 2021-жылы 25-апрелде Бишкекте каза болгон. Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген.
Ал кыргыз философиясы, кыргыз коому жана саясаты жаатында 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, 5 окуу китеп) автору.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Какеев Аскар Чукутаевич, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.