Дуоденит—(duodenitis; анат.
duodenum он эки эли ичеги + -itis) он эки эли ичегинин былжыр челинин жана анын бүт катмарынын сезгениши. Көпчүлүк учурда жара оорусун, гастрит, панкреатит, холецистит ооруларын коштойт. Дуоденитти сезгенүү очогунан келген микробдор, токсиндер, ичегидеги ар кандай мителер пайда кылат. Анын өнүгүшүнө убагында тамактанбоо, өткүр тамак ашты, ичкиликти көп ичүү, тамеки тартуу түрткү берет.
Дуодениттин катуу кармама (чанда) жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармама дуоденит күйүк оорусунда, катуу ууланганда болот. Өнөкөт дуоденит көпкө созулуп, мезгили менен айыгып жана кабылдап турат. Дуоденитте ичтин жогору жагы ооруйт, ачка болгондо же тамак ичкенден 2 — 3 сааттан кийин ооруганы күчөйт.
Дарылоону себебине жараша врач жүргүзөт. Кээде хирургиялык жол колдонулат. Алдын алууда тамактануу режимин сактоо, инфекция очогун, ичегидеги мителерди жоготуу, тамеки тартпоо чоң мааниге ээ.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дуоденит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.