Дарак илдеттери – түрдүү себептердин – илдет козгогуч менен айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынын таасиринен дарак өсүмдүктөрүнүн өсүү функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу жана азык зат сиңирүү) жана анын түзүлүшүнүн бузулушу.
Дарак илдеттери этиологиясына жараша жугуштуу жана жугушсуз болуп бөлүнөт. Жугуштуусун мите козу карын, бактерия, балырлар, акти номицеттер жана вирустардан, жугушсуз илдет айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынан пайда болот. Дарак илдеттери эл чарбасына өтө чоң зыян келтирет. Мөмө-дарактын түшүмү төмөндөп, жыгачы зыянга учурайт. Дарак көбүнчө рак, чирик, дат, жараат илдеттерине чалдыгат. Каршы күрөшүү чаралары: илдеттүү даракты же бутакты кыркып таштоо; урук, көчөткө формалин жана башка фунгицид чачуу; агротехниканы туура жүргүзүү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дарак илдеттери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.