Бийиктик өлчөгүч (авиациялык) - учуучу аппараттардын жерден канча бийиктикте учуп бара жаткандыгын аныктоочу прибор.
Ал радиолук жана барометрдик болуп бөлүнөт.
Радиолук Бийиктик өлчөгүч радио толкундардын самолеттон берилгенден тартып жерде кабыл алынганга чейинки убакытын ченөөгө, барометрдик Бийиктик өлчөгүч бийиктикке жараша аба басымынын өзгөрүшүнө негизделген. Барометрдик Бийиктик өлчөгүч анероид кутучасынан, берүүчү механизмден жана бийиктикти көрсөтүүчү жебеден турат. Абанын басымы өзгөргөндө кутучанын көлөмүнүн өзгөрүшү берүүчү механизмдер аркылуу жебени жылдырат. Прибордун шкаласы км ге жана м ге бөлүнгөн.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бийиктик өлчөгүч, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.