Анестезия

Анестезия (греч.

ἀναισθησία — сезимсиз) — сезүү нервдеринин жабыркашынан сезгичтиктин толук же жарым-жартылай жоголушу. Ал тери, булчуң, сезүү жана ички органдардын сезгич нервдеринин бузулуусунан же ал нервдерге импульстарды өткөрүүгө тоскоол кылуучу заттарды таасир этүүдөн болот. Ошондой эле айрым нерв ооруларында (психоздордо, истерияда) болушу мүмкүн.

Анестезия
Машыктыруу студенттерди-анестезиолого.

Анестезияда сезүүнүн (ооруну, температураны, даамды, жытты жана башка сезбей калуу) бир же бир нечеси бузулганы байкалат. Хирургиялык операция жасоодо анестезиялоочу заттардын жардамы менен жасалма Анестезия жасалат.

Оорутпоо

Оорутпоохирургиялык операцияларда, травмаларда, кээ бир ооруларда, ошондой эле дарылоо жана диагнозду аныктоо үчүн болгон аракеттерде оору сезимин болтурбоо же анын алдын алуу. Анын акыл-эстен ажыратып жалпы оорутпоочу (наркоз) жана белгилүү жерди (жергиликтүү) оорутпоо ыкмалары бар. Оорутпоонун ачылышы хирургиянын тез өнүгүшүнө түрткү берди. Илгертен эле кишилер кокустаганда, хирургиялык операция жасаганда оорутпоого аракеттенишкен. Ал үчүн операция жасала турган дененин айрым бөлүгүн муздатышкан, оорулууларга алкоголь ичимдиктерин ичиришкен, кээде оору сезимин азайтуу максатында канды эсинен танганга чейин агызышкан. 1846-ж. наркоз ачылгандан тартып толук оорутпоого мүмкүн болду. Мурда колдонуп келген наркоздун терс жактары болуп, кээде өмүргө коркунуч келтирген. Ошондуктан жергиликтүү оорутпоонун ар кандай ыкмалары колдонулган. Анын өнүгүшүнө ата мекендик окумуштуулардын, айрыкча А. В. Вишневскийдин эмгеги чоң. Ал жергиликтүү оорутпоонун эң жөнөкөй методун иштеп чыккан. Операциянын мүнөзүнө жараша жергиликтүү - оорутпоонун ар кандай жолу колдонулат. Мисалы, көзгө, ооз жана мурун көңдөйлөрүнө майда операция жасоодо, тишти сууруганда, манжаларга жасалуучу жана башкалар операцияларда колдонулат. Операцияда кесиле турган дене бөлүгүнүн сезимин жоготуу үчүн новокаин эритмеси ийне менен ткандардын ар кандай тереңдигине куюлуп, жергиликтүү анестезия кеңири пайдаланылат. Кийинки мезгилде практикалык жактан коркунучсуз наркоз иштелип чыгып, жергиликтүү анестезия аз пайдаланылат. Ал тез бүтүүчү операцияда же организм наркозду көтөрө албаган учурда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

БулчуңТери

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

МолдоваКудайлар тууралуу мифтерЛексикологияКүзАссимиляция (тил илиминде)Искактын көтөрүлүшү (1873–75)Жарым өткөргүчБиринчи мугалимКыргызстандагы шамал режимиТок күчүЖаңыл МырзаКыргызстандагы таш дооруРуханий маданиятДыйканчылыкКан агууЖер атмосферасыОмонимдерИса АхунбаевӨнөр жайАң-сезимОш облусуПопуляция24-апрельОрмон ханИсламИчегиБелокАвстралияБийликЫсык-Көл ойдуңуБарсбек каганКлетка теориясыКош бойлуулукАминдерАбдыкадыр ОрозбековАвтомобильКеп маданиятыТик бурчтукБүткүл дүйнөлүк желеЖер көчкүҮндүү тыбыштарЧуст маданиятыИшеналы АрабаевТуз (химия)Кырк чороЭкстремизмАрчаСүйлөмКөкө уулу ЖеңижокКүрөң аюуФосфорТурусбеков ЖусупӨсүмдүкСезүү мүчөлөрүАтом физикасыБазарКамсыздандырууТууранды сөзТирсекГалогендерМанас эпосунун идеясыБагыныңкы сүйлөмМыйзамдуулук (мыйзам үстөмдүгү)БилимТамактанууЭмгек рыногуКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруБаш мүчөПрокси серверКыргыз Республикасынын президенттериХимиялык элементСабат ачууДрамаОмор СултановНатуралдык сан«Көкөтөйдүн ашы»Амир ТемирСпортМанас эпосунун өзөктүк окуялары🡆 More