Альдегиддер – карбонил тобундагы эки бош валенттүүлүктүн бири органикалык радикал, экинчиси суутек атому менен байланышкан бирикмелер.
al (cohol) de hyd (rogenatum) – суутексиз спирт)] – карбонил тобундагы эки бош валенттүүлүктүн бири органикалык радикал, экинчиси суутек атому менен байланышкан бирикмелер. Жалпы формуласы: R-CH=O. А. изомерлери алардын радикалдары түзүлүшүнө жараша болот. 1-үч мүчөсүнүн бирден, 4-мүчөсүнүн-эки, 5-мүчөсүнүн – төрт изомери бар, башкача айтканда мол-да көмүртек саны көбөйгөн сайын алардын изомерлери саны да көбөйөт. А. аттары тривиалдык жана илимий номенклатуралар б-ча аталат. Тривиалдык номенклатура б-ча А. аттары алардын окистенишинен пайда болгон к-талар аттарынан алынат. Мис., кумурска к-тасына кумурска альдегиди (формальдегид), уксус к-тасына уксус альдегиди (ацетальдегид) жана башка туура келет. Илимий номенклатура б-ча алардын аттары чектүү углеводороддор аттарынан алынып, аягына «аль» мүчөсү уланат. Мис., H-CH=O кумурска альдегидди, метаналь (формальдегид); CH3-CH=O уксус альдегиди, этаналь (ацетальдегид); СН3-СН2-СН=О пропион альдегиди, пропаналь жана башка А. хим. реакцияларга эң жөндөмдүү бирикмелер. Аларга кошулуу, орун алмашуу, окистенүү-калыбына келүү жана конденсация реакциялары мүнөздүү. Мис., спирттер менен кошулуп ацеталдар, гидроксил аминдер менен кошулуп оксим, гидразин менен гидразон, биринчилик аминдер менен азометиндер (шифф негиздерин) пайда кылат. Ө. ж-ларда СН2О жана NH3 гексаметилентетраамин (уротропин) алынат. Альдольдук конденсация менен гидроксиальдегиддерди алуу орг. синтезде эң чоң мааниге ээ. А-ди спирттен R-CH2-OH R-CHO; метил тобу бар ароматтык углеводороддон:
С6Н5СН3 С6Н5СНО;
алкендер окистенүүсүнөн:
СН3-СН=СН2 СН2=СН-СНО;
ароматтык углеводородго СО жана НСl менен AlCl3 катышуусунда таасир кылуудан:
С6Н5СН3+СО+НСln-CH3C6H5CHO;
ацетиленден:
kat
СНСН+Н2О CH3СНО
ж.б. ыкмалар менен алууга болот. А. спирттер, карбон к-таларын, полимерлер, антиоксиданттар, дары-дармектер, жыттуу заттар, синтездик боёктор жана башка алууда колдонулат. А. дем алуу жолдорун, көздү дүүлүктүрөт. Мол. м. кичине болгон өкүлдөрү нерв системасына терс таасирин тийгизет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Альдегиддер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.