Абу Райхан ал-Бируни (толук аты жөнү — Абу Райхан Мухаммад ибн Ахмед ал-Бируни; фарс.
боюнча көптөгөн фундаменталдуу эмгектердин автору.
КСРБнын почта маркасындагы ал-Бирунинын портрети | |
Толук аты-жөнү | Абу Райхан Мухаммад ибн Ахмед ал-Бируни |
---|---|
Төрөлгөн | 4-октябрь 973 Кият, Хорезм, Саманийлер мамлекети |
Көз жумган | 11-декабрь 1048 (77 жаш) Газни, Газневилер мамлекети |
Кызыккан темалар | астрономия, физика, география, математика, минералогия, тилбилим, философия, индология, фармакология, тарых, медицина, картография, антропология, психология, теология, астрология, Жер илимдери, Табигый илимдер, Диндердин тарыхы |
Беруни грек, латын, араб, фарсы, түрк, хинди ж.б. тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птолемей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган.
Берину поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал жана химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан.
Биринчилерден болуп жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миң км түзөт деп жазган жана Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири боюнча, күн бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теңеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоң ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен.
Тарых илими боюнча да бир канча эмгектеринде 7-кылымдагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы жөнүндө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили боюнча түрк элдерине кошуларын жана өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.
... Калып:Math-bio-stub Калып:Geographer-stub Калып:Physicist-stub Калып:Astronomer-stub Калып:Chemist-stub Калып:Biologist-stub Калып:Historian-stub
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Абу Райхан ал-Бируни, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.