«Ачык барак» («Открытый лист») - КРнын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамына ылайык, археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн археологадиске берилүүчү расмий документ.
КРнын УИАнын Тарых институту тарабынан берилип, Маданият министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүмүндө катталат. ««Ачык барактын» төрт түрү бар: 1) археологиялык эстеликтердин бардык түрүн казууга, изилдөөгө берилет; 2) археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана айрым гана эстеликти изилдөөгө укук берет; 3) археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берет; 4) курулуш иштери же жана башка себептер менен бузулуп жаткан эстеликтерди изилдөөгө укук берет. Археологиялык казуу мезгилинде табылган буюмдар мамлекеттик музейге өткөрүлөт, Кыргызстандан башка жакка алып кетүүгө тыюу салынган. ««Ачык барагы» жок археологиялык казуу иштерин жүргүзгөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article «Ачык барак», which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.