Жылдын аягына чейин 9 күн бар.
Майрамдар
Дагы караңыз: Категория:22 декабрдагы майрамдар
Окуялар
Дагы караңыз: Категория:22 декабрдагы окуялар
- 1918 — Я.Логвиненко жетектеген советтик Пишпек полку Беловодск айылындагы козголоңчуларга каршы чабуул коюп баштаган.
- 2009 — Камбар-Ата2 ГЭСинин тосмосун куруу үчүн ири масштабдагы жардыруу болгон.
- 2012 — Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары өздөрү тууралуу "Мекендештер" аттуу тасма тартышып, Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн кинофестивалда тартууланып, мактоого арзыган.
- 2013 — Чүй облусунун Сокулук районунда тоок фабрикасы өрттөнүп, 10 миң тоок күйүп кеткен. Өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа катышкан. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен тоок фабрикасынын 900 чарчы метр шыбы күйгөн.
- 1885 — Ито Хиробуми Япониянын биринчи өкмөт башчысы болуп дайындалган.
- 1938 — Африкадагы Чалумна дарыясынан эң байыркы балыктын түрү болгон латимерия балыгы кармалган.
- 1963 — Грекиянын "Лакония" лайнеринде өрт чыгып, кеме чөгүп кеткен. 150 киши көз жумган.
- 1992 — Ливиянын борбору Триполиде Боинг-747 учагы менен МиГ-23 истребители асманда кагышкан. Эки учактагы 157 адамдын баары каза болгон.
- 1997 — Мексиканын Ченало айылынын чиркөөсүндө кылмышкерлер 45 адамды (анын көпчүлүгү балдар жана аялдар) атып салышкан.
Төрөлгөндөр
Каза болгондор
Дагы караңыз: Категория:22 декабрда каза болгондор
- 1828 — Англиялык физик жана химик Уильям Хайд Волластон каза болгон (188 жыл мурун)
- 1936 — Советтик жазуучу Николай Островский каза болгон.
- 1939 — Америкалык ырчы Ма Рейни каза болгон.
- 2006 — Спорттук гимнастика боюнча СССРдин жана Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Елена Мухина каза болгон.
- 2009 — Журналист Геннадий Павлюк каза болгон.
Дагы караңыз
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article 22 декабрь, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.