Жылдын аягына чейин 202 күн бар.
Майрамдар
- БУУ - Балдардын эмгектенүүсүнө каршы эл аралык күнү.
Окуялар
- 1886 - Падышалык бийлик "Түркстан чөлкөмүн башкаруу туурасындагы" жобо кабыл алган.
- 1924 - "Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү туурасында" токтом кабыл алган
- 1938 - Фрунзенин Эмен сейил багында Сүрөт галереясында сүрөтчү Семен Чуйковдун биринчи чыгармачыл көргөзмөсү ачылган.
- 1942 - Фрунзеде Орто Азия жана Казакстан республикаларынын музыкасынын он күндүгү башталган.
- 1550 - Швециянын королу Густав I Хельсинки шаарын негиздеген.
- 1665 - Жаңы Амстердам шаары Нью-Йорк атын алган.
- 1668 - Лунд универститети (Швеция) негизделген.
- 1758 - Франция-инди согушу: Жеймс Вольф Луисбург шаарына чабуул кылган.
- 1772 - Жаңы Зеландиянын маори эли франциялык изилдөөчү Марк Жозеф Марион-Дюфренди жана анын 25 жандоочусун өлтүрү шкөн.
- 1776 - Америкалык Виргиния штаты Укуктар декларациясын биринчи болуп, кабыл алган.
- 1897
- Индиянын Ассам штатында күчү 8,1 баллга жеткен жер титирөө болгон.
- Карл Элзенер швейцариялык аскер бычагына патент алган.
- Фигейренсе (Флорианополис, Бразилия) футбол клубу уюшулган.
- Д. Шостакович атындагы Санкт-Петербург филармониясы ачылган.
- 1926 - Литванын биринчи радиосу ишин баштаган.
- 1939 - Нью-Йоркто Бейсбол Даңк залы ачылган.
- 1955 - Якутияда алмаз асыл ташынын кеңи ачылган.
- 1963 - Нью-Йоркто "Клеопатра" тасмасынын бет ачары болуп өткөн
- 1980 - Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына жакын жерде Як-40 учагы коюу булуттун айынан тоого урунуп талкаланган.
- 1990 - СССРде “Басма сөз жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзамдын кабыл алынышы менен цензура жоюлган.
- 2009 - Мельбурн Сити (Мельбурн, Австралия) футбол клубу негизделген.
- 2014
- Исламабадда террордук жардыруу болгон.
- Сан-Паулу шаарында 2014 FIFA Дүйнө кубогунун ачылыш аземи өткөн.
- 2015 - Азербайжандын борбору, Бакыда, 2015 Европа оюндарынын ачылыш салтанаты өткөн.
Төрөлгөндөр
- 1773 - Амшель Ротшилд, немис банкири, Ротшилд династиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири (1855 к.б.).
- 1924 - Жорж Буш (улуусу), АКШнын 41-президенти.
- 1963 - Шейшенкул Бакиров, кыргыз спорт ишмери.
- 1973 - Виктор Икпеба, белгилүү футболчу, 1994-ж Африка чемпиону.
- 1978 - Азиз Мурадиллаев, кыргызстандык актер.
- 1981 - Адриана Лима, бразилиялык супермодель.
- 1986 - Марио Касас, испаниялык актёр.
- 1992 - Филиппе Коутинью, бразилиялык футболчу, "Ливерпул" клубунун оюнчусу,
Кайтыш болгондор
- 1997 - Булат Окуджава, советтик акын, жазуучу, сценарист, композитор (1924 т.).
- 1972 - Карл Людвиг фон Берталанфи, австриялык биолог (1901 т.).
- 2011 - Насыр Давлесов, кыргыз Эл артисти, дирижёр жана композитор (1929 т.).
- 2013 - Дзироэмон Кимура, эркектер арасында эң көп жашаган мырза (1897 т.).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article 12 Июнь (Кулжа), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.