Ямал-Ненец Автономиялуу Округу

Ямал-Ненец автономиялуу округу - РФтеги субьект.

Тюмень областында.

Ямал-Ненец Автономиялуу Округу
Ямал-Ненец автономиялуу округу.
Ямал-Ненец Автономиялуу Округу

Курамына Урал федерация округу да кирет. Округ 1930-ж. 10-декабрда уюштурулган. Аянты 750,3 миң км2. Калкы 539,6 миң (2014). Калкын негизинен орустар түзөт, ошондой эле украин, татар, ненец, ханты жана комилер да бар. Адм.-айм. жактан 7 районго, 8 шаарга, 5 шаарчага бөлүнөт. Шаар калкы 84,5%. Адм. борбору - Салехард ш. Округ 1930-ж. 10-декабрда Ямал-ненец улуттук округу болуп түзүлгөн. Ал Урал (1930-34), Обь-Иртыш (1934), Омск (1934-44) жана Тюмень областынын курамына кирген. 1977-жылдан азыркыдай аталат. 1993-жылдан РФтин толук кандуу субъектиси. Батыш Сибирь түздүгүнүн эң түндүгүндө, бир аз бөлүгү түндүк уюл тегерегинде жайгашкан. Түндүгүн Кара (Карск) деңизи чулгайт. Аймагынын көп бөлүгү Кара деңизинин Обь, Таз колтуктарын бөлүп турган Ямал, Таз, Гыда жарым аралынан турат. Батышын уюлдук Уралдын (бийиктиги 1499 м, Пайер чокусу) чыгыш капталы ээлейт. Кара деңиздеги Ак, Бугулуу, Шокальский ж. б. аралдары да кирет. Климаты катаал, кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -22°Сдан -26°Сге чейин, июлдуку 4-14°С. Жылдык жаанчачыны 200-400 мм. Көп жылдык тоң кеңири таралган.

Ири дарыялары: Обь, Таз, Пур, Надым. Көл, саз көп. Округдун түндүгүндө глейлүү тундра, саз топурагы, түштүгүндө глейлүү күл, күл-саз топурагы басымдуу. Аймагынын көп бөлүгүн тундра жана токойлуу тундра ээлейт. Түштүгүндө жана дарыя бойлорунда токой (сибирь кызыл карагайы, карагай, бал карагай) өсөт. Экономикасынын негизин газ жана нефть өндүрүүтүзөт. 2011-ж. 35,9 млн нефть өндүрүлгөн. Бул округда өндүрүлгөн нефтинин 7,1% ин түзөт. Башкы нефть өндүрүү ишканасы «Газпром нефть» компаниясы. 2009-ж. 431,9 млн м3 жаратылыш газы өндүрүлгөн. Балык, жыгаччылык өнөр жай, бугу, жапайы айбанаттар чарбасы өнүккөн. Обь, Надым, Таз д. жана Түндүк деңиз жолу аркылуу кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

Орусия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

МанкуртЖакшылыков АсанМидин АлыбаевКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКайра жаралууХромосомаларКыргызстандын туусуКыргыз урууларыФизикалык чоңдуктардын бирдиктериМузыкаКанБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыКыргыз автономиялуу облусуНүзүп бий Эсенбай уулуЖентек той, бала көрүүДезоксирибонуклеин кислотасыӨнөр жайБиосфераЧүй өрөөнүКалктын табигый өсүшүМеталлургияСузак районуТиричиликБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарКөкжашыл балырларЛирикаКлеткаАкжол МахмудовСөзСеметей эпосуЭкологияДинамика (механикада)Жалал-Абад облусуБийликСуу сактагычСтереотипКыргыздардын тарыхыЖер титирөөМорфологияМектепБайдылда СарногоевБишкекДабан мамлекетиАбстрактуу түшүнүкБаланын укуктары жөнүндө конвенцияӨт ооруларыКарабагыш (уруу)Жаратылыш ресурстары1991Учкул сөздөрМутациялык селекцияАк кууларКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыКыргыз адабиятыМахабат дастаныКошмок сөздөрБаланын чачын алып, кыркын чыгарууТериКурманжан ДаткаСөз түркүмүФилософияАзияКөкө уулу ЖеңижокЖарандык укукГенотипПсихологияМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыЗаднепровский, Юрий АлександровичАнтропологияФизикаАйтматовдун чыгармаларыЖапонияОктябрь революциясыАбсолюттук бийиктикКыргызстан тарыхы🡆 More