Шри-Ланкадагы жардыруулар — 21-22 -апрель күнү Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгон.
Бир нече сааттан кийин дагы 2 жерде, тагыраагы, 7-жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болгон. Ал эми 8-жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде жарылган. Натыйжада 250 адам каза болуп, 500дөн ашык адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.
Шри-Ланкадагы жардыруулар | |
Чабуул болгон жер | Ыйык Антония, Коччикаде Ыйык Себастьян, Негомбо Ыйык Сиона, Баттикалоа Мейманканалар: Shangri-La, Коломбо Cinnamon Grand, Коломбо Кингсбери, Коломбо Tropical Inn, Коломбо Турак жай комплекси: Дематагода |
---|---|
Датасы | 21-апрель 2019-жыл |
Куралдары | Шахида куру |
Каза болгондор | 253+ |
Жаракат алгандар | 500 (болжол менен) |
Террорчулар | 9 |
Уюштуруучулар | |
Шектүүлөр | 59 адам |
Шри-Ланкада 26-апрелде дагы 3 жарылуу орун алган. Жарылуу өлкөнүн чыгыш тарабындагы Калмунай шаарында болгон. Жанкечтилер жашырынып жаткан аймакты тазалоо үчүн күч органдары атайын операция жүргүзүп жаткан учурда, бир нече адамдар өздөрүн жардырып жиберген. Жарылуу болгон жерлерден "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун символдору түшүрүлгөн кийимдер, желектер жана жарылуучу заттар табылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Шри-Ланкадагы жардыруулар (2019), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.