Чүкө бекитүү.
Кыргыз эл оюну. Оюн тегиз жерде 14 – 17 жаштагы 40 – 50 оюнчунун катышуусу менен ойнолот. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Оюнга 1 чүкө колдонулат. Чүкө таштоочу жер белгиленет.
Калыс оюнчулардын ортосуна колундагы бир чүкөнү көкөлөтүп ыргытат. Чүкөнү кайсы жааттын оюнчусу тосуп алса, ошол жааттын оюнчулары чүкөнү бири – бирине берип, чүкө таштоо үчүн белгиленген жерге таштоого аракеттенишет. Атаандаш жааттын оюнчулары болсо чүкөнү алган оюнчунун колунан чүкөнү тартып алып, чүкө таштоочу жерге өздөрү таштоого аракет кылышат. Кайсы жааттын оюнчусу белгиленген жерге чүкөнү таштаса ошол жааттын оюнчулары 1 упайга ээ болот. Оюн ушул тапртипте улантыла берет. Оюндун акырында кайсы жааттын упайлары көп болсо ошол жаат утат.
Маалымат булагы: Токторбаев С. “ Өспүрүмдөр оюндары
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чүкө бекитүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.