Чаң соргуч — бөлмөнү, кийимди, килемди ж.
б. чаңдан тазалооочу аба соргуч түзүлүш.
Чаң соргуч дубалды актоодо, жыгач, металл буюмдарын сырдоодо, абанын нымдуулугун сактоодо жана өсүмдүктөргө ар кандай дары чачууда да пайдаланылат. Чаң соргуч негизги тетиктери пластмаcса же металл корпуска бекитилген коллектордуу электр кыймылдаткычтан жана борбордон четтөөчү желдеткичтен турат. Чаң соргучтун пол тазалагыч, кол менен иштетилме, автомобиль үчүн жана щёткалуу түрлөрү бар.
Чаң соргучка биринчи белгилүү патент, АКШнын № 29077 патенти, 1860-жылдын 10-июлунда Айова штатында америкалык Даниэль Гесс тарабынан алынган. Килемди тазалагыч, ойлоп табуучу өзүнүн шайманы деп атаганда, айланма щетка жана аба агымын жаратуу үчүн татаал илгич системасы менен жабдылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чаң соргуч, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.