Хайдарабад - Индиядагы шаар.
Андхра Прадеш штатынын адм. борбору.
Муси дарыясынын боюнда. Калкы 4,1 млн (2010; агломерациясы менен 6,4 млн). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда (2014-ж. алгачкы 71 км ишке киргизүү каралууда). Түштүк Индиядагы негизги экономикалык жана маданий борбор. Шаардын экономикасынын негизин маалымат жана биотехнология тармагындагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү ж. б. түзөт. Машина куруу, тамак-аш, жеңил, фармадевтика, химиялык, булгаары, айнек ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. ЖОЖ, театр, музейлер (а. и. Салар, Жанг, археологиялык), эс алуу парктары ж. б. бар. 1592-ж. негизделген. Чар-Минар салтанат шаар дарбазасы (16-к.), Меке-Масжид (17-к.) мечити сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хайдарабад (Индия), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.