Фоли кычкылы (лат.
Күнүмдүк керектөө чоң кишилерде 0,4 мг, балдарда 0,5—0,4 мг, кош бойлууларда 0,8 мг, эмчек эмизген аялдарда 0,6 мг. Фоли кислотасынын жетишсиздигинен өтө оор аз кандуулук (анемия) өөрчүйт, карын иши (карын зилинде туз кислотасы жоголот, ич катат, өтөт), сезгичтик бузулат. Негизинен жашыл жалбырактуу жашылчаларда (латынча фолиум — жалбырак дегенден), ошондой эле помидор, алма, картошка, боор, бөйрөк, ачыткыда болот. Бул витаминге салат, шпинат, петрушканын жалбырагы, капуста бай. Аны көпчүлүк өсүмдүк, бактерия жана козу карындар синтездейт. Кишинин ичеги микроорганизми жетишээрлик синтезденгенден бул витамин жетишсиздиги болбойт. Тамакты бышыруудан бузулуп, анын 70—90%и жоголот. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фоли кычкылы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.